Бүгүн, 17-август күнү социалдык тармактарда видео жарыяланып, анда топ кыздар көлдүн жээгинен эки кызды сабап жаткандыгын көрүүгө болот. Аталган окуя 2023-жылдын 3-июлунда Бостери айылындагы «Золотые пески» эс алуу жайынын пляжында орун алган.

Бул боюнча Ысык-Көл РИИБге арыз менен Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну кайрылган. Ал күч колдолнуп «Айфон-11 про» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, аны жана курбусун эч бир себепсиз сабашкан белгисиз кыздарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 48 миң сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү кыздар аныкталып, райондук тергөө кызматына алып келинген. Алар Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы тургундары — С.Г., А.К., Т.А., Т.П., З.Б. жана К.А. болуп чыгышты. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кармалган кыздар күнөөсүн толугу менен моюндарына алышкан.

Кармалган шектүү жарандарга карата райондук соттун чечими менен тергөө амалдарын өткөрүү учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Бирок тергөө учурунда шектүүлөр Т.А., Т.П. жана З.Б. бир нече жолу тергөөгө келүү талаптарын бузгандыктан тергөө кызматы тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч киргизилген.

Тергөөнүн өтүнүчүн эске алуу менен райондук сот тарабынан аталган жарандарга карата 1-сентябрга чейинки мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда жана шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

От admin