АКШ Украинага 200 миллион долларга бааланган кошумча аскердик жардам бөлдү. Бул тууралуу 14-августта Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Анын айтымында, бул жардамдын ичинде Patriot абадан коргонуу системалары жана HIMARS комплекси үчүн ок-дарылар, миналарды тазалоочу жабдыктар жана артиллериялык снаряддар бар.

«Орусия согушту баштады жана аны Украинадан өз аскерлерин чыгарып кетип, катаал чабуулдарын токтотуу менен каалаган учурда токтото алат. Ага чейин АКШ жана өнөктөштөрүбүз канча талап кылынса ошончо убакыт Украина менен бирге турат», — деди Блинкен.

АКШ Украинага акыркы жолу быйыл июлда 400 миллион долларга бааланган аскердик жардам жөнөткөн.

От admin