Райондук билим берүү борборлорунда «Мектепке электрондук каттоо» АМТда микроучастка боюнча катталбаган балдардын жашаган жери боюнча ата-энелеринин арыздарын кароо комиссиялардын отурумдары башталды.

Комиссиялардын курамында билим берүү борборунун, райондук акимиаттардын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун, балдардын укуктарын коргоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү бар.

Комиссиялар КР Билим берүү жана илим министрлигинин катынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин буйругунун негизинде түзүлгөн.

Белгилей кетсек, департаменттин жана райондук билим берүү борборлорунун дарегине «Мектепке электрондук каттоо»АМТ аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Негизинен төмөнкү мектептерге көп суроо талап бар:

— Свердлов району боюнча (№1, №38,№ 4, №12,№ 66, №67, №46, №45, №52,№ 10, №65, №51);
— Биринчи май району  (№70, №29, №6, №28, №69, №24);
— Октябрь району (№26,№ 62, №88, №63, №20, №17);
— Ленин району (№13,№ 9, №25, №68, №31).

От admin