8 окуду

31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын финалдык бөлүгү жыйынтыкталды.

Айтыштын жарым финалдык бөлүгү 30-августта өткөн.

Байге фонду 3 миллион сомду түзгөн эл аралык кош байгелүү айтышка казакстандык сегиз акын: Аспанбек Шугатаев, Биржан Байту, Сагыныш Смет, Сырым Ауэзхан, Алтынбек Ибрагимов, Мурадым Мирланов, Данияр Алдаберген, Айтпай Жумагулов катышкан.

Казакстандык төкмө акындар менен төмөнкү сегиз кыргыз акыны жарышка түшкөн: Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Чыңгызхан Кожошев, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Мамбеттокто Мамбетторозо.

Финалдык бөлүктө казакстандык акындар Аспанбек Шугатаев, Алтынбек Ибрагимов, Данияр Алдаберген, Айтпай Жумагулов, ал эми кыргызстандык акындар Жеңишбек Жумакадыр, Баян Акматов, Асылбек Маратов жана Мамбеттокто Мамбеторозо айтышка түштү.

Калыстардын чечими менен кош байгелүү айтышта Жеңишбек Жумакадыр менен Айтпай Жумагулов баш байгени, Баян Акматов менен Данияр Алдаберген 1-орунду, Мамбеттокто Мамбеторозо менен Аспанбек Шугатаев 2-орунду, Асылбек Маратов менен Алтынбек Ибрагимов 3-орунду багындырышты.

Баш байге ээлерине 350 миң сомдон, 1-орунду багындыргандарга 200 миң сомдон, 2-орунга 125 миң сом, 3-орунга 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми калган 8 акынга 50 миң сомдон акчалай кызыктыруучу сыйлык берилди.

Айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук “Манас” театры жана республикалык “Айтыш” коомдук фонду биргеликте уюштурган.

Буга чейин эл аралык кыргыз-казак айтышынын тандоо туру 22-августта саат 10:00дө “Манас” кинотеатрында өтүп, өлкө боюнча 30га жакын акын катышкан. (MZh)

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Текстти көчүрүп алууга болбойт