2023-жылдын 16-августунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Маалыматты Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүү аймагы: Месароша көчөсү, Фучик көчөсү, Д. Сяопин проспектиси, Профсоюз көчөлөрү менен чектелген.

Ичүүчү сууну өчүрүү абоненттерди Тверская көчөсүндөгү жаңы суу түтүгүнө кайра туташтырууга жана диаметри 150 мм болгон басым бурама тээгин орнотууга байланыштуу.

Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

От admin