Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча гидроучастогундагы Чоң-Арык каналында капиталдык оңдоо иштери жаңы алынган техниканын жардамы менен жүргүзүлө баштады. Бул кызматкерлердин жумушун бир топ жеңилдетип, өндүрүмдүүлүк да жогорулай баштады. Анын кубаттулуугу жогору жана буга чейин эки техникан аткарган иштин көлөмүн жалгыз эле жаңы сатылып алынган заманбап техника аткара баштаган.
Бул ишти бир топ жеңилдеткен. Белгилей кетсек, жакында эле президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Борбордук “Ала-Тоо” аянтында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жүздөн ашуун жаңы заманбап техникалар ыйгарылып, андан сырткары райодук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына 40 кызматтык унаа тапшырылган.