Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Конституциялык түзүлүштөгү президенттик башкарууну, парламенттик башкарууну жокко чыгарууда. Бул мамлекеттик чыккынчылыкка жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн парламенттин жыйынында депутат Шайлообек Атазов жасады.

Эскерте кетсек, буга чейин Байсалов Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышып, ошол жерден депутаттар менен айтыша кеткен. Байсалов Жогорку Кеңешти цирк деп атаган.

От admin