Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда Starlink спутниктик интернет системасына кирүүнү ачуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы колдонуучуларды, атап айтканда, жалпы билим берүүчү мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди интернетке жеткирүү үчүн Starlink технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жыйынтыгында Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Starlink компаниясына өлкө боюнча маалыматтарды берүү кызматына лицензия берүүгө даяр экендигин билдирди.

От admin