8 / 100

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.

Мамлекет башчысынын борту Казакстандын баш калаасындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Эл аралык аэропортто килем төшөлүп, баатырлар тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Loading

От admin