NazarNews 60217872071525092751094802555596464128
8 / 100

Маалыматты бизге Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин жетекчиси Чолпон Султанбекова тастыктады. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасынын атына жазылган кат 30-июлда келип түшкөн.

«Төрага биздин комитетке жазган. Бирок бул убакытты талап кылган процесс. Бардык фракциялар жана депутаттар менен консультациялар өткөрүлөт. Буюрса, маселе күн тартибине коюлуп, чечим кабыл алынат», — деди Султанбекова.

Аскар Акаев бийликтен күч менен 2005-жылы кетип, дароо чет мамлекетке чыгып кеткен. Ошону менен Бишкекке биринчи жолу 2021-жылы Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн келди. Анда Садыр Жапаров Акаев буга чейинки кетирген каталарын толук актаганын билдирген. Кийин Башкы прокуратура Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын белгилеген болчу. Аскар Акаев пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын айткан.

Loading

От admin