ИИМдин Атайын багыттагы полкунда физикалык жактан даярдыгы күчтүү кызматкерлер кызмат өтөшөт. Ал эми ошол физикалык жактан күчтүү болуш үчүн күн сайын ар кандай кырдаалдарда ыкчам жана алдыга коюлган тапшырмаларды так, өз убагында аткарууда атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу полктун кызматкерлеринин бирден-бир милдети болуп саналат. Бүгүн колдоруна куралдарын алып, тийиштүү жабдыктары менен камсыздалган полктун 1-батальонунун кызматкерлерине Бишкек шаарынын аймагында 20 чакырым аралыкта жөө жүрүш уюштурулду. Жөө жүрүштүн эң негизги максаты — жарандарыбызга дем берүү менен алардын коопсуздугу дайыма камсыздалып тургандыгын көрсөтүү, элдин ишенимин арттырууну көздөйт.

От admin