9 / 100

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларын тосуп алуу аземине катышты.

ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин кезектеги жыйыны Казакстандын Астана шаарында өтүүдө.

Эгемендүүлүк сарайында саммиттин катышуучуларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Иш-чарага Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Түркия ж. б. мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Loading

От admin