Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин катышуусунда Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жүргүзүлгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыгы чыгарылды.

Алсак, 2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан 753 баңги кылмышы аныкталып, 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.

Отчеттук мезгилде баңгичиликтин алдын алуу багытында 180ден ашык иш-чара өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кызматтын жетекчилиги синтетикалык баңги каражаттарынын контрабандасына бөгөт коюу, ошондой эле дары-дармектерди даярдоочу дары лабораторияларын жана компоненттерин аныктоо жана жоюу иштерин күчөтүү боюнча бир катар милдеттерди койду.

Ишти начар уюштургандыгы үчүн бир нече облустук башкармалыктын жетекчилери жана Кызматтын бир катар кызматкерлери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

От admin