Президент Садыр Жапаров «КРнын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамына кол койду (2023-жылдын 14-июлунда № 137).

Мыйзам 2023-жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилет.

От admin