0aea8f020192a444fc475ae9c069adf1
9 / 100

Пакистандагы ысыктан улам миңдеген адамдар ооруканага жаткырылып, бир нече жүздөгөн адамдар каза болгонун Би-Би-Си билдирди.

Өлкөдөгү эң ири тез жардам кызматын жетектеген Эдхи Фондунун башчысы Файсал Эдхи анын унаалары апта башында ондогон ысыктан каза болгондордун сөөгүн өлүкканаларга жеткиргенин айтты.

«Демейде Карачи шаардык өлүкканага күн сайын 30-40 адамдын сөөгү келет. Бирок акыркы алты күндө алардын саны 568ге жетти, шейшемби күнү эле 141 чогултулду»,-деген ал.

Ал ошондой эле «алардын көбү шаардын жакыр аймактарынан келгендигин» белгиледи.

Анын айтымында, фонддун Карачидеги үч өлүкканасы жалпысынан 264 сөөктү батыра алат. Жана алардын бардыгы толуп калган.

«Үч сөөктү бир текчеде кармоого аргасыз болуп жатабыз. Өлүктөр батпай жаткандыгынанӨл 22 талап кылынбаган сөөктөрдү тез арада көмүүгө туура келди. Шаардын бардык өлүкканалары, жада калса мечиттердеги жана аза күтүү залдарындагылар да орун жетишсиздигине дуушар болушат”, — дейт Фейса Эхди.

Loading

От admin