2023-жылдын 20-июнунан тартып «Ак-Булак Плюс», «Ак-Жалга», «Жайыл Милк», «Ала-Тоо сүт» сүттү кайра иштетүүчү ишканалары сүт азыктарын Россия Федерациясына экспорттоп баштады.

Бүгүнкү күндө, Өзбекстандын бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Кыргызстандын 75 ишканасы берилип, 36 ишкана каттоодон өттү, анын ичинен 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар өз продукцияларын экспорттоодо.

Алсак, 2023-жылдын 6 айында 34 975 200 тонна сүт азыктары экспорттолду. Анын ичинен Россия Федерациясына 1589,3 тонна, Казакстанга 32949,9 тонна, Өзбекстанга 416 тонна, Америка Кошмо штаттарына 24,0 тонна.

2022-жылдын 12 айында 36459,4 тонна сүт азыктары ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон болсо, 2023-жылдын 6 айында 34975,2 тонна же болбосо былтыркы бир жылдык көлөмүнө салыштырмалуу 6 айда эле 92 %ын түздү.

Бүгүнкү күндө КР АЧМ караштуу Ветеринардык кызмат тарабынан кошумча сүттү кайра иштетүүчү 4 ишканага жана 5 балык чарба ишканасына Россельхознадзор тарабынан онлайн текшерүү жүргүзүү макулдашылды.

От admin