Бишкек шаарыны Ленин районуна Жыргалбек Шакиев аким болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси. 2021-жылдын январында Аксы районунун акимдигине дайындалган, бирок беш айдан кийин эле Чүй районуна ротацияланып келген. 2020-жылкы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен талапкерлигин койгон. Ага чейин жеке менчик «Бийкомпакт» компаниясынын директорунун орун басары катары иштегени маалым.

От admin