Москва менен Подмосковьеде катуу шамалдан улам эки адам каза болду. Алардын бирөөсүн дарак басып калса, экинчисинин үстүнө курулуш материалы кулап каза болгон.
Бороондун күчү 10 баллдык болуп, 9 адам жаракат алган. Москванын четинде 200 дарак кулап, 26 унаа жабыркаган.
Анын ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен.
Бороон-чапкындан бактар кулап, конструкциялар бузулганы айтылууда.