original
8 / 100

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жеңил салмактагы (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедовго ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңип чыкса, Украинадагы жаңжалды токтотууга убада бергенин айтты.

«Хабиб беттештен кийин мага келди. Ал абдан акылдуу. Мен аны Путиндин жакшы досу деп ойлойм. Ал согушту токтотушубуз керек деди. Бул чындык. Мен ойлойм, бул согушту токтото алмакмын деп. Эгер шайлоодон жеңсем, мен согушту токтотом”, — деген Трамп Impaulsive YouTube каналына берген маегинде.

Ошондой эле ал, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал тууралуу айтып жатканын түшүндүргөн.

Спортчу Трамп менен июнь айынын башында Ньюарк шаарында (Нью-Жерси) өткөн UFC 302 турниринде жолуккан.

Буга чейин Нурмагомедовдун менеджери Ризван Магомедов ТАСС агенттигине спортчу Трамп менен Палестина-Израиль чатагы тууралуу сүйлөшкөнүн билдирген. Анда экс-президент Нурмагомедовду ар дайым колдоп келгенин жана ал өзүнүн сүйүктүү мушкери экенин айткан.

Loading

От admin