8 / 100

Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттарына айыл чарба продукцияларын экспорттоо пландалуудаБул тууралуу маселе КР Соода-өнөр жай палатасынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Маданбек Караевдин USAIDдин «Агросоод» долбоорунун консультанты Валид Таханов менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Соода-өнөр жай палатасынан маалымдашкандай, тараптар Дубай рыногунда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын сатууну жана кеңейтүүнү талкуулашты. Суу, кургатылган жемиштер, жаңгак жана ак бал сыяктуу азыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын жүрүшүндө 20 тонна жаңгак жеткирүү сунушталды.

Ошондой эле узак мөөнөттүү кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана продукциянын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу талкууланды.

Кошумчалай кетсек, БАЭ рыногунда эң популярдуу позицияларды аныктоо үчүн Кыргызстандын башка айыл чарба продукцияларынын потенциалына изилдөө жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Loading

От admin