bd3d9f22cbdd839034dba841940bebce
8 / 100

Украинанын Жогорку Радасы англис тилинин статусу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Өзгөрүүлөр украиналыктардын жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө таасир этет. Демилгеге 236 депутат добуш берди.

Эми айрым кызматтарга талапкерлер англис тилин билиши керек болот. Булар А, В жана С категорияларындагы мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү администрациялардын башчылары жана алардын орун басарлары, контракттык кызматтын офицерлери жана сержанттары, ошондой эле салык жана бажы органдарынын кызматкерлери.

Англис тили бала бакчалардын, орто мектептердин, кесиптик лицейлердин жана ЖОЖдордун жогорку тайпалары үчүн милдеттүү сабак болуп калат. Ал эми мамлекеттик кызматтарда иштеген кызматкерлерге англис тилин В2 денгээлинен кем эмес билгендиги үчүн айлык маянасы берилет.

Loading

От admin