Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кызыл-Кыя ШИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери ыкчам маалыматтардын негизинде биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 2024-жылдын 9-май күнү Кызыл-Кыя шаарындагы мейманкалардын биринде эки бөлмөдө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 42 жаштагы тургуну Ш.Т.(аял киши) жана Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну А.Н.(аял киши) сойкулук аракеттерин ишке ашыруу учурунда кармалды. 
     Кармалган учурда алардын жанынан нымдуу салфеткалар, презервативдер жана акчалар алынган.
     Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
     Кылмышка шектүү катары кармалган Ш.Т. менен А.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

От admin