Кечээ, 7-майда Бобур Каримов аттуу кыргызстандык таксист Екатеринбургдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн эркек кишинин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

«Мен бул жакка баары күйүп жаткан учурда унаа менен келип калдым. Жогору жактан бир жигит «жардам бергиле» деп кыйкырып жатты. Дароо эле тепкич менен көтөрүлүп, ал жактан өрт өчүрүүчүнү көрүп, ага жардам сунуш кылдым. Мен өрт өчүрүүчү машинанын түтүгүн байлап, эркек кишини чыгара алдым», — деген ал.

От admin