Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту

«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу талаш жараткан видео «Эркин Европа/Азаттык» веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.

Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык жана Интернет мейкиндигинде жогорудагы видеоматериал жок болгондугуна байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да бүгүн, 12-июлда билдирүү таратып, «Азаттык Медиа» мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

«Азаттык Медиа» басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жөнүндөгү «Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ» аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. Буга байланыштуу министрлик «Азаттык Медиа» бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, «Азаттык Медиага» карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат. Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда, Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди», — деп жазылган маалыматта.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган.

Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин «Азаттыктын» банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. «Азаттыктын» адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

Буга чейин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун контенттерди сактоо боюнча жалпы эрежелеринин өзгөргөнүнө байланыштуу былтыр сентябрда жарыяланган «Азия:Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжал» аттуу видео «Азаттыктын» платформаларында ачылбай калганын (недоступен орусчасы) билдирип, Маданият министрлигине кат менен кайрылган.

«Азаттык» радиосу туш болгон соңку басымды АКШ, Британия, Евробиримдиктин элчиликтери жана бир катар эл аралык, жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, бийликтин бул аракетине тынчсыздануусун билдирген.

Бүгүн, 12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланат. Уюм «Азаттык» радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин кооптуу бузулушу катары айыптайт.

От admin