Чүй облусунун “Алтын-Сары-Өзөн” дестинациясы тарабынан Кегети капчыгайында чоң эко-акция болуп өттү. Ага Токмок шаарынан жүздөн ашык студенттер катышты. Нөшөрлөп жааган жамгырга карабай, таштандылар чакан унаага чогултулду. Ошондой эле ишембиликтин катышуучулары үчүн мастер-класстар жана лекциялар уюштурулуп, жаратылышка аяр мамиле жасоо тууралуу айтылды.

Эко-акциялар жыл сайын болоору күтүлүүдө. Ал эми алардын алкагында салттуу ишембилик күндөрүн өткөрүүдөн тышкары, маалымат такталары орнотулуп, эко-трейктер иштелип чыгат. Чүй облусунун “Алтын-Сары-Өзөн” дестинациясы 24-апрелди Тоолорду сактоо күнү деп жарыялоо демилгесин көтөрдү. Анын өкүлдөрү майрам эл аралык деңгээлде өтөт деп ишенишет. Мындай статуска жетүү үчүн алар БУУга кайрылууну көздөп жатышат.

От admin