Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат.

1, 5, 9-май майрам күндөр болгондуктан иш күн эмес – 1-май – Эмгек күнү, 5-май – КР Конституциясынын күнү жана 9-май – Жеңиш күнү.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлери үчүн 1-майдан 5-майга чейин узак эс алуу күндөрү белгиленди.

2-майдын (бейшемби) ордуна иш күнү 6-май (дүйшөмбү), 3-майдын (жума) ордуна, 11-май (ишемби) иш күнү.

Ошондой эле 9-май расмий түрдө иш күн эмес болуп саналат.

Алты күндүк иш жумасында иштеген кызматкерлер 1, 6 жана 9-майда эс алышат.

От admin