11-июлда генерал-майор Ж.Шабиров атындагы ИИМдин Республикалык окуу борборунун базасында Гуманитардык диалог Борборунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер кызматкерлери үчүн уюштурулган семинар жыйынтыкталды.
ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлагандай, эки күндүк семинарга ИИМдин Басма сөз кызматынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, Атайын багыттагы полктун, Академиянын жана ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери, ошондой эле милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана тергөөчүлөр катышты.
Семинардын тренерлери Элчи Мартин Сайдик мырза, Гуманитардык диалог борборунун социалдык тармактар жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча ортомчулук бөлүмүнүн жетекчиси Мод Моррисон жана борбордун Кеңешчиси Ирена Гризел болушту.
Сабактардын темалары медиациянын ар кандай аспектилерин камтыды, анын негизги максаттары медиация жана чыр-чатактарды чечүүнүн башка механизмдеринен айырмачылыктары, медиациянын негизги принциптерин жана этаптарын ачуу, медиация жана сүйлөшүүлөргө байланыштуу негизги көндүмдөрдү иштеп чыгуу ж. б.
Семинардын жүрүшүндө бардык катышуучулар суроолорду активдүү беришип, дискуссияга катышышты.
Жыйынтыгында катышуучуларга семинарга катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.

От admin