Бишкек шаарынын Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан «Павлин-Мавлин» кафесинде эркектердин мушташы чыккандыгы тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Милиция окуянын катышуучуларын аныктайт. Эч ким арыз менен кайрыла элек»,-деп айтылат маалыматта.

От admin