Үстүбүздөгү жылдын аягында Бишкекке жалпы баасы 12 миллион евролук 100 жаңы автобус келет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Байгончоков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Болжол менен бир автобус 120 миң евро болот экен? Бул суммага бажылык жол-жоболоштуруу жана ташуулар кирдиби?», — деп суроо салды депутат Кубанычбек Самаков.

Вице-мэр бажы жагынан жол-жоболоштурууну Кыргызстан өзүнө алган деп жооп берди.

Депутат 95 миң еврого автобус сунуштаган компания эмне үчүн тендерге катышпай калганын сурады. «Өткөн жылы Бишкекке кытайлык «Чжун Тонг Бус» компаниясынын автобустары келген, бул компаниядан быйыл эмнеге сатып алган жокпуз? – деп сурады Самаков.

От admin