Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

91 күн. Көлдөн чыккан таштандылар. Кайдыгерлик

Ысык-Көлдү тазалоонун бүгүн 91-күнү. Соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды. Маалыматты ӨКМден билдиришти.

«Учурда ӨКМдин суучулдары көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантууда.

Ал эми 12-марттан тарта жалпы Ысык-Көлдүн акваториясынын 211 2254,59 гектар аянты тазаланып, суу астынан 7505 кг таштанды, 96 000 метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.

27 Июнь 2023 жыл 7:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча