Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
WhatsApp Image 2024 06 21 at 16.52.25

9 жаштан 12 жашка чейинки кыздар окуган мыйзамсыз иштеген диний лагерь аныкталды

13 / 100

УКМК тарабынан алынган ыкчам маалыматтар боюнча 2024-жылдын 19-июнунда «Мариям» аталышындагы диний лагерь, учеттук каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Аталган лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн «Тажвид», намаз окуу, дуа окуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган лагерь 1970 – жылы туулган, Баткен облусунун Ж.М.К. аттуу жаранына таандык экендиги такталды.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, ошондой эле, диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды. Мындан улам, аталган кемчилдиктер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.
УКМК Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына эскертет: балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда, аталган диний мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткандыгын текшериңиз.

Балдарыңыздын коопсуздугун сактаңыз!

21 Июнь 2024 жыл 13:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча