Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.
Учурда УКМК тарабынан КБР катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

29 Сентябрь 2023 жыл 7:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча