Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

70 жаштагы америкалык миллиардер туулган күнүндө жарыш тилкесинде каза болду

Инвестициялык Henry Crown and Company компаниясынын жетекчиси, миллиардер Джеймс Краун 70 жашында Колорадо штатында жарыш жолдо каза болду. Aspen Motorsports Park трассасында жарыш учурунда ал коопсуздук тосмосун сүзүп алган, деп жазат «Коммерсант».

«Өлүмдүн расмий себеби экспертизадан кийин аныкталат, бирок ал көптөгөн жаракаттарды алганы анык», — деди Питкин округунун медициналык эксперти. Ал окуяны кырсык деп атады.

Henry Crown and Company компаниясын Джеймс Краундун чоң атасы, өнөр жай магнаты Генри Краун негиздеген. Маркум JP Morgan Chase банкынын директорлор кеңешинде да иштеген, Aspen Skiing Co компаниясынын башкаруучу өнөктөшү болгон. Forbes Crown үй-бүлөсүнүн байлыгын 10,2 миллиард доллар деп баалады.

27 Июнь 2023 жыл 7:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча