
2023-жылдын 7 — сентябрында саат 10:00 — 18:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
• Кольбаев көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн тартып Ч. Валиханов көчөсүнө чейин);
• Аламедин-1кичи району;
• Куруучулар шаарчасы.
Ичүүчү сууну өчүрүү : шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.