Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

7 адам иштеп, 40 кызматкер жумуш ордунда жок болгон. Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда текшерүү болду

Бүгүн, 22-августта Ысык-Көл облустук билим берүү институтуна президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева облустук билим берүү институтунун иш тартиби менен таанышуу максатында текшерүү жүргүздү. Маалыматты президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«40 кызматкер жумуш ордунда жок. Саат 08:00дө иш башталганына карабай, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун кызматкерлери жана жетекчилери ордунда болгон эмес Текшерүү учурунда 47 кызматкердин жетөө эле жумуш ордунда болгону аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

22 Август 2023 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча