Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

6 миң 100 доллар жана 150 миң сом. Бишкекте базардан капчык уурдаган жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 21 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-июнда милицияга И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 16:00 чамасында базарлардын биринен 6 миң 100 доллар жана 150 миң сом салынган капчыгын уурдатканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2003-жылы туулган З.З. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

10 Июнь 2024 жыл 8:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча