Кытайдын түндүгүндөгү бир катар шаарларда температуранын рекорддору катталды.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Пекинде жума күнү, 16-июнда термометр 39,4 градуска чейин көтөрүлүп, асфальт айрым жерлерде 50 градуска чейин жылыган. Шицзяжуан шаарында абанын температурасы 40 градуска жеткен.
Метеорологдор жакынкы күндөрү аба 37 градуска жана андан жогору жылуу болорун эскертти. Бийлик тургундарды ысыктан сактануу үчүн көчөгө чыкпоого чакырды. Пекин экинчи эң жогорку деп эсептелген кызгылт сары кооптуу деңгээлин жарыялады.
Майдын аягында Кытайдын Шанхай шаарында да рекорддук ысык катталды — термометр Цельсий боюнча 36,1 градуска чейин көтөрүлгөн.