Бишкектин Ак-Өргө конушунда заманбап өрт куткаруу бөлүгүнүн имаратынын курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
БУУнун Өнүктүрүү программасы, Кореянын Эл аралык кызматташтык уюму «KOICA» жана Корея өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда жалпы 4 өрткө каршы куткаруу бөлүк курулду. Алар Чолпон-Ата, Ош шаарында, Сузакта жана Бишкекте.
Заманбап имараттар бардык талаптар менен курулуп, өрт өчүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ар бир бөлүк 5 тонналык бирден өрт өчүрүүчү жана пикап үлгүсүндөгү авариялык куткаруу унаасы, гидравликалык куткаруу шаймандары менен толукталган. Ошондой эле бир 50 метрлик автошаты алынган.
Ал эми 30- июль күнү Кыргызстанга Кореядан келген атайы делегацияны Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов тосуп алды.
Тараптар буга чейин жетишилген макулдашуунун негизинде ишке ашкан жемиштүү долбоорду талкуулашып, отчеттук маалымат угулду.
Аталган өрт куткаруу бөлүгү шаардагы 212 000 ашуун адамды тейлеп, расмий ачылуу аземи ушул жылдын lll кварталына пландалган.