Чолпон- Ата шаарында өтүп жаткан Үчүнчү эл аралык “Мейкин Азия” фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жазды.
Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.
Айна Калмаганбетова баш байге катары 5 миң АКШ доллар акчалай сыйлык, “Мейкин Азия” фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом менен сыйланды.
2-орунга Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) жана Нада Талевска (Түндүк Македония), 3- орунга Адильхан Макин (Казакстан) жана Касиет Идирисова (Кыргызстан) татыктуу болду. Ал эми фестивалдын атайын сыйлыгы Түркиядан келген Жевхер Аксойго ыйгарылды.