Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

40 миң, 100 сомго баалап. Бишкекте балдарын сатып жүргөн аял кармалды

Бишкекке жакын жерде укмуштуудай окуя болду. Аял жыл сайын төрөп, балдарын сатып жүргөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Окуя боюнча милицияга мурдакы күйөөсү 22 жаштагы аялы балдарын көрүүгө уруксат бербей жаткандыгын айтып арыз менен кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Сокулуктун тургуну 2021-жылдын март айында биринчи жолу төрөп, кызды башка аялга сатып жибергени аныкталган («бүтүмдүн» суммасы көрсөтүлгөн эмес). 2022-жылдын апрель айында уул төрөп, аны эркек кишиге 40 миң сомго сатып жиберген. Ушул жылдын март айында кайрадан кыз төрөгөн. Ал ымыркай дагы 100 миң сомго жаңы үй-бүлөгө сатылганы белгилүү болду.

Учурда бала сатуу фактысы боюнча иш козголуп, 22 жаштагы аял кармалып анын балдары табылган.

25 Сентябрь 2023 жыл 8:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча