Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

30 жаштагы Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду

Белгилей кетсек, өткөн жылдын июнь айында Бишкек шаарынын мэри мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сыйлаган, алардын арасында Нурсултан Усубалиев да бар: ал президенттин протоколдук кызматынын эксперти катары көрсөтүлгөн. ЖМКлардын маалыматына караганда, Усубалиев Коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин уулу. Жапаровдун мурдагы жардамчысы Эрнис Ашырбаев президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.

9 Октябрь 2023 жыл 11:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча