
Инфляцияга байланыштуу акча убакыттын өтүшү менен өз кунун жоготорун баары билет. Мисалы, 2024-жылдын январынан декабрына чейинки мезгилде Кыргызстанда инфляция 6,3% түзгөн. Ошондуктан, акчаны жөн гана үйдө же эсепке сактоо аны жоготууну билдирет.
Аманатыңызды сактап калуу үчүн сиз жогорку кирешелүү инструменттерди тандооңуз керек. Аманаттар – эң ишенимдүү инструменттердин бири: сиз эсепке акча саласыз, банк пайыздарды төлөп турат.
MBANK сизге пайдалуу шарттарды сунуш кылат: 31-мартка чейин «ЖАЗ» аманатын ачкандар жылына 17% га чейин киреше таба алышат.
Акциянын шарттары:
Пайыздык чен:
17% сом менен 6 айлык мөөнөткө;
16,5% сом менен 12 айлык мөөнөткө;
3% АКШ долларында 3 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө.
Жеткиликтүү валюталар: сом жана АКШ доллары.
Аманаттын минималдуу суммасы: 10 000 сом.
Пайыздар ай сайын чегерилет.
«ЖАЗ» аманатын кантип ачуу керек?
MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу – үйдөн чыкпастан оңой ачылат.
MBANKтын каалаган кеңсесинде – адистер жардам берет.
Сиздин аманатыңыз Кыргызстандын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголгон.
MBANK – Биринчи санаңыз!