Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча «Газпром»мамлекеттик бюджетке 2,1 млрд сомдон ашык каражат чегерди

Кыргызстанда «Газпром» тобу боюнча салык төлөмдөрүнүн көлөмү 2024-
жылдын биринчи кварталында 2,1 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул
мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө (1,9 млрд сом) салыштырмалуу өсүш
11%ды түздү.

«Газпромдун» маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстанда «Газпром» компаниялар тобу энергоресурстарды туруктуу жана ишенимдүү жеткирүү, өлкөнүн 12 миңден ашуун тургунун жумушка орноштуруу жана салык милдеттенмелерин тикелей аткаруу аркылуу улуттук
экономиканы өнүктүрүүнү жигердүү колдоп келүүдө.

Ошентип, «Газпром» тобу Кыргыз Республикасында иштеген бүткүл мезгилде
өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 73,9 млрд сомдон ашык которулган, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө инвестициялык салымдардын көлөмү 42 млрд сомдон ашкан.

«Газпром» компаниялар тобу республикадагы ири салык төлөөчүлөрдүн
катарына кирет жана экономиканы, коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын
өзүнүн ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептейт.

5 Июнь 2024 жыл 8:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча