Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда «Газпром»компаниялар тобу мамлекеттик бюджетке 6,2 млрд сомдон ашык каражат чегерди

2023-жылы Кыргызстанда «Газпром» компаниялар тобу салыктарды төлөө менен өлкөнүн бюджетине олуттуу салым кошту. Бул компаниялар жоопкерчиликтүү салык төлөөчү гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышып жатканын күбөлөндүрөт.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниялар тобу чегерген салыктык төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 6,2 млрд сомдон ашты, бул 2022-жылдагы ушул көрсөткүчтөн (5,2 млрд сом) 20%га көп.
Демек, «Газпром» компаниялар тобу Кыргыз Республикасында ишмердигин жүргүзүп келген мезгилде өлкөнүн бюджетине салык жана башка төлөмдөр катары 71,8 млрд сомдон ашык каражат чегерилген, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык
салымдардын көлөмү 42 млрд сомдон ашты.
Кыргыз Республикасында «Газпром» компаниялар тобу салыктык милдеттемелерин сөзсүз түрдө аткаруу менен улуттук экономиканы өнүктүрүүнү олуттуу түрдө колдоону улантып келет, бул Кыргызстандын финансылык туруктуулугун жана бакубатчылыгын өбөлгөлөйт.

11 Апрель 2024 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча