Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

18-май түнү Эл аралык университеттин жатаканасын талкалаган жарандар кармалды

18-май түнү Эл аралык университеттин чет элдик студенттер жашаган жатаканасын талкалаган жарандар кармалды. Бул туууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

21 жаштагы А.Т. жана 25 жаштагы Ж. А. жатакана кирген топтун ичинде болушкан. Алардын милиция кызматкеринен эшикти ачууну талап кылып жаткан видеосу интернетке жарыяланган. Шектүүлөр убактылуу кармалуучу жайга киргизилди.

22 Май 2024 жыл 7:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча