
Бишкектеги №72 мектептин окуучусу Аннас Айтбаевдин сөөгү кайра казылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Маркумдун атасы Дөөлөт Айтбаев бул маалыматты тастыктады.
Ата-энесинин айтымында, 15 жаштагы Аннас 21-январда мектептин дааратканасында сабалып, эсин жоготуп ооруканага түшкөн. Эки жума комада жатып, 4-февралда каза болгон. Алар уулунун өлүмүнө мектеп жетекчилигинин жана өспүрүмдөр менен иштеген инспектордун да жоопкерчилиги бар деп эсептеп, милицияга кайрылышкан.
Бул иш боюнча милиция сабоо жана опузалап талап кылуу беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү катары ошол эле мектептин бир окуучусу кармалды. Тергөөнү Бишкек шаардык милициясы жүргүзүүдө.