Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 15-мартты Ата-энелер күнү деп белгилөө боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда алгач Аталар күнүн бул датага белгилөө сунушталган. Парламентарийлердин айтымында, бул үй-бүлөнү бекемдеп, үй-бүлөдө эркектердин жоопкерчилигин жогорулатат.
«Элибиз эзелтеден өзүнүн кылым карыткан каада-салттарына аяр мамиле жасап, даанышман, көрөгөч карыяларды урматтап келген. Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө камкор аталарга ыраазычылык сезими жашайт. Бекеринен элибиз улуу инсандарды урмат-сыйдын белгиси катары “ата” – Бакай ата, Манас ата деп атабаса керек» деп жазышкан анын авторлору.
Бирок, кайра депутаттар экинчи окууда 15-мартты ата-энелер күнү деп белгилөө чечимине келишти. Ошол эле учурда депутаттар май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнүнө тийбөөнү чечишти.