Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.
MyCollages 2

Бишкекте «Органик Экспо 2024» регионалдык форуму жана көргөзмө-жарманке өтүүдө

10 / 100

Бүгүн Бишкекте «Органик Экспо 2024» регионалдык форуму жана көргөзмө-жарманке өтүүдө.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Президенттин Кыргызстандагы атайын өкүлүнүн Секретариаты жана Жогорку Кеңеш уюштурган. Ошондой эле аталган иш-чараны ЕККУ (ОБСЕ), Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Германиянын
техникалык кызматташтык агенттиги, Ага Хан өнүктүрүү уюму жана башка
эл аралык уюмдар колдошкон.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары
Э.Ж. Байсалов, Кыргыз Республикасынын ЖК депутаты Д. Ашымова, Суу
ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Ж.К. Керималиев жана Борбордук Азия
республикаларынын министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
10дон ашык өлкөдөн 200дөн ашык эксперт жана 50 спикер органикалык айыл
чарба, экология, климат, туруктуу өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча
катышууда.
Алгач, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн
катышуусунда салтанаттуу ачылыш болуп, андан соң «Органик ЭКСПО 2024» органикалык жана экологиялык азыктардын жарманке-көргөзмөсү башталды.

Жарманке 20-21-22-сентябрга чейин болмокчу.

20 Сентябрь 2024 жыл 8:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча