Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

14 жаштагы кыздын өлүмү. 17 жаштагы шектүүнүн ата-энеси президентке күтүп көчөдө таң атырып жатканын айтышты

2022-жылдын 4-сентябрында Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумган. Ал эми дагы бирөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кылмыш болгон учурда 16 жашта болгон өспүрүмдү сот 10 жылга эркинен ажыраткан. 4-июлда Баткен облустук сотунда өспүрүм шектүүнүн жазасы каралмак. Соттук отурум 9-августка жылдырылып, андан соң дагы жылдырылып кеткен.

Бүгүн, 15-августта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жазган маалыматка караганда шектүү өспүрүмдүн жакындары анын ичинде ата-энеси президентке кайрылуу үчүн Кадамжайдан келип, Өкмөт үйүнүн алдында отурганы маалым болду. Өзүн шектүүнүн эжесимин деген аял бул жерде алар төшөнчүсү, тамак-ашы менен 2 күндөн бери жүргөнүн, түндү ары-бери басып таң атырып жаткандарын, алардын көздөгөнү президентке кайрылуу экенин айтат. «Биз бир гана адилеттүүлүктү талап кылабыз. «Бул жерге келгенибизге 2 күн болду. Түнөп жатабыз. Президентке жолукмайын кетпейбиз, анткени биз акыйкаттык издеп келдик. Өспүрүм балага болгону чалуу келген. Чалууга жооп берип койгон. Ал учурда бала үйдө болгон. Далилдер бар. Бизди эртең президент кабыл алат деген ойдобуз. Асынып каза болгондордун бирөөсү жээни болгон. Инибизге ошол жээни чалган болуп жатат. 10 жыл берип жатканына каршыбыз, ошол үчүн президентке келдик»,— деди ал.

Шектүүнүн ата-энеси дагы акыйкаттык керек экенин, президент кабыл аларына ишенерин айтышты.

Булак: Сереп медиа

15 Август 2023 жыл 14:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча