
Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыз өз үйүн президентке видео аркылуу кайрылуу жасап, жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн болуп калган үйүн тааныштырган. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.
Ак-Талаа райондук администрациясы маалымат таратып, дал ушул үй-бүлөгө Садыр Жапаровдун атынан салынган үйдүн документип тапшырылганын билдиришти.
«Район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы баатыр эне Искакова Гүлзат Калыбековнага Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан салынып берилген жаңы турак-жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспортун тапшырды.Искакова Гүлзат Калыбековнанын 7 баласы бар, 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу президенттин атына видео кайрылуу жиберген. Жиберилген кайрылуунун негизинде маалымат президентибизге жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак-жай салып берди»,- дешти администрациядан.